Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

Жол кырсыктарынын курмандыктары эскерилүүдө


Бүгүн дүйнө жүзү жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерип жатат. 2005-жылдын октябрында БУУнун Башкы ассамблеясы ноябрь айынын үчүнчү жекшембисин Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыгында курман болгондорду эскерүү күнү катары белгилөө чечимин кабыл алган. Бул күнгө карата дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттерде жол кырсыктарынын алдын алуу, бөгөт коюуга чакырган иш-чаралар өткөрүлүп келет. БУУнун маалыматы боюнча, дүйнөдө жол кырсыгынан бир күндө 3 миңден ашуун адам каза табат, 100 миңге чукулу ар кандай жаракаттарды алышат. Жол кырсыгына барган сайын жаштар көп кабылууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун болжолу боюнча, 2020-жылга карата жол кырсыгы адам өлүмүнө жана майыптыкка алып келген негизги себептердин үчүнчүсүнө айланышы мүмкүн.

Бишкекте 18-ноябрда жол кырсыгында каза тапкандарды эскерүү акциясы өткөн. Кыргызстан жол кырсыгы эң көп катталган өлкөлөрдүн катарына кирет. Расмий кабарларга ылайык, жылына жети миңден көп авария катталып, миңден ашуун адам курман болот.

XS
SM
MD
LG