Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Индия: темир жолдогу кырсыктын курмандыктары 90дон ашты


Темир жол кырсыгы болгон жер.
Темир жол кырсыгы болгон жер.

Индияда темир жол кырсыгынан каза тапкандардын саны 90дон ашты. 150дөн ашык киши жаракат алганы кабарланууда. Кырсык бүгүн таңга жуук Уттар-Прадеш провинциясында болгон. Индор-Патна багытында бара жаткан жүргүнчүлөр поездинин 14 вагону рельстен чыгып кеткен.

Жергиликтүү маалымат булактары 91 адамдын сөөгү табылганын жазып чыгышты. Бийлик курмандыктардын жана жаракат алгандардын саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн айтты. Жүздөгөн адамдар, анын ичинде аскерлер, полиция кызматкерлери куткаруу иштерине тартылды. Жаракат алгандарды жакын арадагы ооруканаларга жеткирип жатышат. Кырсык болгон жерде 30дан ашуун тез жардам кызматы иштөөдө.

Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Индияда адам өмүрүн алган темир жол кырсыктары көп катталып турат.

XS
SM
MD
LG