Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Орусия: өрттөн жети мигрант каза тапты


Өрт.
Өрт.

Орусиянын Тюмен облусунун Юргин айылынын четиндеги “Абсолют Агро” тоок фабрикасынын курулуш вагонунда 20-ноябрга караган түнү өрт чыгып, андан тажикстандык жети мигрант кайтыш болду. Алардын баары 19-29 жаштагы Тажикстандын Согди облусунун тургундары. Болжолдуу маалыматтар боюнча, өрт коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан келип чыккан. Азыр кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жатат. Жети мигранттын сөөгү мекенине 23-ноябрда жеткирилет.  

Мигранттар иштеген «Горизонт» компаниясы маркумдардын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп, андан тышкары сөөктөрдү Тажикстанга жеткирүү жана жерге берүү чыгымдарын көтөрө турган болууда. 

 

XS
SM
MD
LG