Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:05

Өзгөн: имамдар мечиттерди каттоо боюнча бийликке кайрылышат


Өзгөн районундагы имамдарга өз алдына иштеп жаткан мечиттерди жыл аягына чейин каттоого коюу тапшырмасы берилди. Өткөн апта соңунда Ош облустук казыятынын башкарма жетекчиси Абдыжапар Жакыпов райондогу дин кызматкерлерине жыйын куруп, өкмөт менен тыгыз иштешүүнү буйруду.

Муфтияттан кабарлашкандай, имамдар мечитти каттоого коюуда каржы маселеси көйгөй жаратып жатканын, документтерди бүтүрүү жараяны татаал экенин билдиришти. Мындан улам, ишти жөнөкөйлөтүү боюнча райондук жана облустук бийликке кат жиберүү чечими кабыл алынды.

Өзгөндө 130 мечит бар. Анын ондон ашууну каттоого алынган эмес. Ал эми Кыргызстан боюнча мечиттердин саны 2200дөн ашса, 500дөн көбү каттоосуз. (SE)

XS
SM
MD
LG