Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Жыргалаңдагы жыргал

Ысык-Көлдүн Жыргалаң өрөөнүндө 19-ноябрда Кышкы туризм фестивалы уюштурулуп, жылгаяк сезону ачылды.

Жыргалаңдын тургундарынын туризм менен алектене баштаганына эки жылдай болуп калды. 200дөй түтүн жашаган бул кыштакта азыр беш конок үйү заманбап шартта туристтерге кызмат кылат.

"Жыргалаң өрөөнү дестинациясы" коомдук бирикмеси алдыдагы жылдары бул жерди туризм аймагына айлантуу боюнча долбоорлорду ишке киргизүүгө белсенүүдө.

Аталган уюм уюлдук операторлор менен сүйлөшүп, кыштакты ылдам интернет менен да камсыздаган.

Дагы жүктөңүз

16x9 Image

Санжар Эралиев

"Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис. 

XS
SM
MD
LG