Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Кулаган бастырма алдында 20 машине калган


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бишкектеги "РИОМ Авто" базарында калың жааган карды көтөрө албай кулаган бастырма алдында 20 машине калган. Бул тууралуу "Азаттыкка" базардын аткаруучу директору Айбек Баратов билдирди.

Баратовдун белгилешинче, окуя кечээ болгон, кардын калыңдыгына туруштук бере албай калган чатырлар урап, машиналарды басып калган.

- Негизгиси, адамдар жабыркаган жок. Бул чатырлар 1995-жылы тургузулган экен. Азыр машиналардын баарын коопсуз жерге чыгардык. Акт түзүп жатабыз. Бардык чыгымдарды ээлерине өзүбүз төлөп беребиз.

Мурда "Азамат" деген аталыш менен белгилүү болгон бул ири унаа базары Сокулук районунда жайгашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG