Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:03

Дайынсыз болуп жаткан чабандар аман-эсен табылды


Оштун Кара-Кулжа районундагы Казык жайлоосунда дайынсыз болуп жаткан үч чабан тең аман-эсен табылды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди:

- Чабандардын абалы жакшы. Азыр аты-жөнү такталууда. Экөөнүн малынын тоюту бар экен, үчүнчүсүнүкү түгөнүп калыптыр.

800 жандыгы менен табылбай жаткан үч чабан Терек айылынын тургундары. Алар 17-ноябрдан бери дайынсыз болчу. Туугандары куткаруу кызматына 20-ноябрда кайрылган.

Кыштак менен жайлоонун ортосу 30 чакырым. (RK)

XS
SM
MD
LG