АКШ президенти Барак Обама бийликтен кеткенге чейин Украинада тынчтык келишимин ишке ашырууну көздөп жатканын билдирди. Ал жекшемби күнү орус президенти Владимир Путин менен Украина маселеси боюнча сүйлөшкөнүн айтты.
Обама Перудагы Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык саммитинин алкагында кенен маалымат жыйынын өткөрүп, Сирия согушундагы ролу үчүн Иран жана Орусияны да сынга алды.
Украинанын чыгышында 2014-жылы башталган кармаш баш-аягы 10 миңдей адамдын өмүрүн алды. Бул кармашта Орусия өкмөттүк күчтөргө каршы күрөшүп жаткан жикчилдерди колдогону белгиленип келет. АКШдагы президенттик шайлоодо Путинди мактаган миллиардер Дональд Трамптың жеңгени расмий Киевдин тынчсыздануусун жаратты.