Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Кабулда жанкечти шиит мечитин бутага алды


"Бакирул Олом" мечити
"Бакирул Олом" мечити

Ооганстандын борбору Кабулда бир жанкечти шиит мечитинде өзүн жардырып жибергени кабарланууда. Полиция бул чабуул "Бакирул-Олом" мечитинде намазга даярдык жүрүп жаткан учурда орун алганын билдирди. Күбөлөр шаардын Дар-ул-Аман аймагында жардыруу болгонун, бир нече адам каза тапканын айтышууда.

Ооганстанда шиит мусулмандары бутага алынган учурлар буга чейин да катталган. Октябрь айында Кабулдагы Сахи деп аталган шиит мечитинде белгисиз адам ок чыгарып, андан 15тей адам мерт болгон. Июль айында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчиликти алган чабуул 84 адамдын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG