Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Орусия мунай өндүрүшүн кыскартышы мүмкүн


Владимир Путин Перудагы саммитте.
Владимир Путин Перудагы саммитте.

Орус президенти Владимир Путин өндүрүштү кыскартуу жана мунай баасын көтөрүү багытында мунаса табуу “ыктымалдуулугу жогору” экенин билдирди. Мунай экспорттоочу мамлекеттердин уюмунун (ОПЕК) мүчөлөрү жана ага кирбеген Орусия баштаган мунай өндүрүүчүлөр өндүрүштү кыскартуу маселесин 30-ноябрда Венада талкуулаганы жатышат.

Путин жекшемби күнү Перудагы Азия-Тынч океан кызматташтык саммитинин алкагында сүйлөп, өндүрүштү кыскартуу Орусия үчүн оор эмес деп айтты.

Сентябрь айында ОПЕК уюмунун мүчөлөрү мунай өндүрүшүн кыскартуу аркылуу 2014-жылдан бери 60 пайызга төмөндөп кеткен бааларды көтөрүүгө макулдашкан. Ноябрдын башында ОПЕКке кирбеген Орусия, Казакстан жана Азербайжан сыяктуу мунай чыгарган өлкөлөр бул келишимди талкуулап, ага кошулуу ниетин так билдиришкен эмес.

XS
SM
MD
LG