Украина “Ар-намыс жана эркиндик” күнүн белгилеп жатат. Президент Виктор Януковичтин бийликтен кетишине алып келген Евромайдан демонстрациялары 2013-жылы дал ушул күндөрү башталган.
Бул күнгө карата өлкө боюнча бир катар иш-чаралар уюштурулууда. Расмий адамдар, Евромайдандын катышуучулары жана жөн-жай тургундар Киевде үч жыл мурда коопсуздук күчтөрү менен кагылышууда мерт болгон демонстранттарды эскеришүүдө. Улутчул кыймылдар “Революция жүрүшүнө” чыгышты.
Үч жыл мурда президент Януковичтин Европа Биримдиги менен ассоциациялык келишимге кол коюу планын артка жылдыруу жана Орусия менен экономикалык байланышты жакшыртуу аракети Евромайдан деген атка конгон демонстрацияларга себеп болгон. Анда жүздөн ашык адам каза тапкан.
2014-жылы февраль айында Янукович Орусияга качууга аргасыз болгон.