Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

"Ихлас" компаниясы өз дарегине айтылган сынды чагым деп атады


Иллюстрация
Иллюстрация

"Ихлас" курулуш компаниясы өз дарегине айтылган сынды төгүндөп, аны чагым деп атоодо.

"Малдыбаев көчөсүндөгү үйдө кардарлар менен компаниянын ортосунда түзүлгөн келишим толук аткарылган. Бир маселе жылуулук системасында техникалык себептерден улам бир аз мүчүлүштүктөр болгон. Ал боюнча өз маалында тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өз ара түшүнүшүп, маселе оң чечилген" деп кабарлашты "Азаттыкка" аталган компаниядан.

Бүгүн Малдыбаев-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйдүн тургундары "Азаттыкка" кайрылып, "Ихлас (Арек строй)" менен батир тууралуу келишимде жылуулук борбордук система аркылуу берилери жазылганы менен эки жылдан бери электр аркылуу жылытууга мажбур болуп жаткандарын айтып даттанышкан.

Алардын белгилешинче, тамак бышыруу, жылытуу электр менен болгондуктан күч келип, өчүп калууда. (RK)

XS
SM
MD
LG