Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Франция: Саркози президенттик жарыштан чыкты


Николя Саркози.
Николя Саркози.

Францияда мурдагы президент Николя Саркози оңчул-борборчулдардын ички партиялык шайлоосунда үчүнчү орунду ээлеп, кийинки жылы өтө турган президенттик шайлоо жарышынан чыгып калды. Биринчи айлампада эң көп добуш чогулткан Саркози тушундагы премьер Франсуа Фийон Москва менен тыгыз мамилелерди колдойт. Ал Крымды Орусия аймагы катары таанууну жана санкцияларды алууну караштырууга даярдыгын айтып келген.

27-ноябрда өтүүчү ички партиялык шайлоонун экинчи турунда анын атаандашы дагы бир мурдагы өкмөт башчы, Бордо шаарынын мэри Аллен Жюппе болмокчу. Ал саясатчы Орусия Минск келишимдерин аткарууга тийиш деп эсептейт. Ошондой эле Крымдын аннексиясын тааныбайт жана Алепподогу бомбалоолорду согуш кылмышы деп санайт.

Буга чейин ашынган оңчулдардын лидери Марин ле Пен мамлекет башчылык үчүн ат салышарын билдирген. Ал эми азыркы президент, социалист Франсуа Олланд өз чечимин декабрда жарыялары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG