Каракол шаарындагы Медициналык коллеждин директорун өлтүргөн деген шек менен аталган окуу жайда бухгалтер болуп иштеген 39 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Маалыматка караганда, ал кылмышты моюнуна алды жана директорду өлтүрүүгө ич ара пикир келишпестик себеп болгонун айтып берди.
17-ноябрда Караколдо бычакталып өлтүрүлгөн аялдын сөөгү өзү жашаган үйүнүн жанынан табылган. (AsM)