Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Кара-Кулжа: Дайыны табылган чабандар куткарыла элек


Кара-Кулжада дайыны табылган үч чабан азырынча куткарыла элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" алардын жакындары кабарлады.

Казык жайлоосунда дайынсыз болуп жаткан үч чабан тең аман-эсен табылганын бүгүн түшкө маал "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирген:

- Чабандардын абалы жакшы. Азыр аты-жөнү такталууда. Экөөнүн малынын тоюту бар экен, үчүнчүсүнүкү түгөнүп калыптыр.

800 жандыгы менен табылбай келаткан үч чабан Терек айылынын тургундары. Алар 17-ноябрдан бери дайынсыз болчу.

Кыштак менен жайлоонун ортосу 30 чакырым жер. (YI)

XS
SM
MD
LG