Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Крымда диверсияга шектелген дагы эки адам кармалды


Федералдык коопсуздук кызматы диверсияга шектелген үч украиналыкты Севастополдогу райондук сотко алып келүүдө, 10-ноябрь.
Федералдык коопсуздук кызматы диверсияга шектелген үч украиналыкты Севастополдогу райондук сотко алып келүүдө, 10-ноябрь.

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында дагы эки киши диверсияга даярданган деген шек менен камакка алынганын орус коопсуздук күчтөрү кабарлашты. Кармалгандар суракка алынып жатканын күбөлөгөн видеону “Россия 1” телеканалы жекшембиде көрсөттү. Маалыматка ылайык, украин армиясынын мурдагы офицерлери Александр Стогний жана Глеб Шаблий өткөн жумада кармалган. Бирок бул тууралуу дүйшөмбү күнү гана белгилүү болду.

Мындан он күн мурда Крымда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы “украиналык диверсанттар” делген үч адамды кармаган. Аларга аскерий жана өтө маанилүү делген объекттерге диверсия даярдап жатышкан деген айып тагылган. Киев мындай маалыматтарды “Орусиянын атайын кызматынын чагымы” деп атап келет.

XS
SM
MD
LG