Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:22

Орусияда “Хизб-ут Тахрирдин” мүчөсү 12 жылга кесилди


Орус соту өлкөдө тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” исламчыл уюмунун бир мүчөсүн 12 жылга эркинен ажыратты. Санкт-Петербургдун соту 46 жаштагы Иса Рагимовду террорчул топтун ишмердүүлүгүн уюштурган деп тапты.

Былтыр апрель айында кармалган Рагимов “Хизб-ут Тахрирдин” соңку эки жылда түрмөгө кесилген сегизинчи мүчөсү болуп калды.

“Хизб-ут Тахрир” бардык мусулмандарды ислам халифатынын башкаруусу алдында бириктирүүнү көздөгөн уюм болуп саналат. Орусияда бул уюмга 2003-жылы тыюу салынган. Уюмдун мүчөлөрү тынчтык максатын гана көздөшөөрүн билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG