Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Казакстан: жер реформасына каршы чыккан эки активист соттолууда


Казак активисттери сот залында
Казак активисттери сот залында

Казак прокурорлору жер реформасына каршы ири нааразылык акцияларынын эки катышуучусун сегиз жылга абакка кесүүнү соттон өтүндү. “Социалдык карама-каршылыкты уюштурду, жалган маалыматты таркатты жана коомдук жыйындар боюнча мыйзамды бузду” деп айыпталып жаткан Макс Бокаев жана Талгат Аяндын соту Казакстандын батышындагы Атырау шаарында өтүп жатат. Айыпталуучулар саясий куугунтукка кабылганын айтып жатышат.

Алар 24-апрелде Атырауда миңдеген адамдар жерди менчиктештирүү жана чет өлкөлүктөргө ижарага берүү боюнча мыйзамга каршылык билдирип чыккан учурда камакка алынган. Атырауда башталган нааразылык акциясы Казакстандын башка аймактарында эки аптага чейин уланган.

Акцияга чыккандар мыйзам чет өлкөлүктөрдүн казак жерлерин ээлеп алышына жол ачат деп билдиришкен. Укук коргоо уюмдары эки айыпталуучунун өз айын ачык билдиргенге укугу бар экенин айтышып, аларды коё берүүгө чакырышууда.

XS
SM
MD
LG