Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:53

Текебаев: "Дастан" заводунан 2 млн доллар чыгарылып кеткен


Өмүрбек Текебаев "Азаттыктын" студиясында.
Өмүрбек Текебаев "Азаттыктын" студиясында.

2010-жылы "Дастан" заводунан 2 миллиондон ашуун доллар чыгарылып кеткен. Бул тууралуу ушу тапта Бишкекте өтүп жаткан пресс-конференцияда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Анын айтуусунда, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Заводдун жетекчиси С.Даниленкого иш козголуп, ал тергөөгө сурак берген.

Бүгүн ошол документтердин көчүрмөсү таратылды.

- Заводдун жетекчилеринин бири акча КСДП партиясынын шайлоо штабына жумшалганы туурасында көрсөтмө бергени документтерде ырасталган. Жыйынтыгында завод жумушчуларга маянасын төлөй албай калганы Башкы прокуратуранын документтеринде бар, - деди Текебаев.

Текебаев бул иштин артында Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов турган деп билдирди. Мына ошондуктан ал УКМК менен Башкы прокуратура жабылып калган ал ишти кайра жандандырууну талап кыларын айтты. (KJ)

XS
SM
MD
LG