Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

Ошко жаңы 30 автобус келет


Ош шаарынын коомдук унаа жүргүнчүлөрүн тейлөөгө жаңы автобустар берилет. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык мэриянын транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Романов билдирди.

Анын айтуусунда, учурда 30 автобус Чүйдүн Сосновка айылына келип калды.

Ар биринин баасы 83 миң евролук автобустар шаардын муниципалдык унаасын жакшыртуу долбоору боюнча келатат. Алар пайдаланууга 9-декабрдан тарта бериле баштайт.

Долбоорду Европа реконструкция жана өнүгүү банкы каржылоодо. (YI)

XS
SM
MD
LG