Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Кыргыз жараны Орусияда адамдарды бомбадан сактап калды


Эсенгелди Орозалиев
Эсенгелди Орозалиев

Кыргызстандык айдоочунун жардамы менен Москвада террордук топтун мүчөсү деп шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" окуянын негизги каарманы, бир жылдан бери Москвада кичи автобус айдап, жүргүнчү ташуу менен алектенген Эсенгелди Орозалиев кабарлады.

Анын айтуусунда, быйыл 26-августта автобусунан шектүү баштык табылган, окуя Люберцы шаарында болгон:

- Кетип баратсам жүргүнчүлөрдүн бири автобустун ичинде ээсиз баштык жатканын айтып калышты. Мен аны сыртка алып чыгып, милиция чакырдым. Ичинде чака бар экен, 200-мыктар тизилип туруптур. Анын баары скотч менен уюлдук телефонго бириктирилиптир.1 килограммдай тротил табышты.

Орозалиев 3-4 күн Федералдык коопсуздук кызматына сурак берген.

ФСБнын Москва облусу боюнча башкармалыгында кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Видеокөзөмөл камералары тартып алган визуалдык материалдар жана Орозалиев берген көрсөтмөлөрдүн негизинде автобусту жардырууну пландаган деген шек менен үч адам кармалды, алардын бири өзбекстандык, экөө дагестандыктар экени аныкталды.

42 жаштагы Орозалиев Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин ардагерлеринин "Альфа" уюмунун мүчөсү. (RK)

XS
SM
MD
LG