Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:11

Киевде полиция менен демонстранттар кагылышты


Киевде митигдин катышуучулары аянтта дөңгөлөктөрдү өрттөштү, 21.11.2016
Киевде митигдин катышуучулары аянтта дөңгөлөктөрдү өрттөштү, 21.11.2016

Киев полициясы күчөтүлгөн режимде иштөөнү шейшембиде да улантууда. Дүйшөмбүдө Евромайдандын үч жылдыгына арналган эскерүү иш-чаралары башталган. Кечинде Төбөлсүздүк аянтанда чоң митинг өттү. Анын алдында аянтка дөңгөлөк алып келип, өрттөйүн деген бир нече киши менен полиция кагылыша кетти.

Митингден кийин кээ бир демонстранттар, негизинен улутчулдар, Украинанын тандоосу деген коомдук кыймылдын кеңсесине жүрүш жасап, ээн имараттын эшик-терезелерин талкалап, от коюшту. Жалын тутанып, бирок тез эле өчүрүлдү. Андан кийин орусиялык "Сбербанктын" бөлүмүнүн эшигин сындырып, кирип барган топту полиция сүрүп чыгарды. Бир нече киши жеңил жаракат алганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG