Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Ак-Ордо-3 конушуна электр берилмей болду


Ак-Ордо-3 конушунун тургундары Ак үй алдында
Ак-Ордо-3 конушунун тургундары Ак үй алдында

Ак-Ордо-3 жаңы конушуна жарык берилет, бирок бул мыйзамсыз чечим. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Турусбек Султаналиев билдирди.

Анын айтуусунда, Чүйдүн аткаруу бийлиги мыйзамсыз чечим үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга мажбур болду:

- Жолун такыр таппай койдук. Ошондуктан жоопкерчиликти өзүбүзгө алдык. Бул үчүн прокурор "Түндүкэлектр" ишканасына карата кылмыш иш козгоого укуктуу. Ошондуктан кечээ чукул жыйын куруп, прокуратура, милиция, атайын кызмат өкүлдөрүн чакырдык. Элге электр бериш керек деген чечимге келдик. Баары макул болду.

Ак-Ордо-3 жаңы конушунун тургундары кечээ Ак үй алдына митингге чыккан. Алар жеринин "кызыл китеби" алына элек болгондуктан электр тарттырууга уруксаты жок болуп жатканын, 2,5 миңдей үй-бүлө суукта жарыксыз, жылуулуксуз кыйналып турганын айтышкан.

Мыйзам боюнча электр менен бардык укуктук документи барлар гана камсыздалат.

Чүй бийлигинин чечими менен электр энергиясы убактылуу гана негизде берилмей болду.

2005-жылдан кийин Бишкектин четиндеги айдоо жерлердин көбүн мыйзамсыз басып алышкан, андыктан тиешелүү документи жок. Бул жерлерди трансформациялап, мыйзамдаштыруу мыйзамы кабыл алына элек. (RK)

XS
SM
MD
LG