Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Москва Калининградга ракета орнотууну НАТОнун коркунучу менен түшүндүрдү


Октябрда Орусиянын Коргоо министрлиги Калининград облусуна "Искандер" оперативдүү-тактикалык ракета комплекстери которулганын бышыктаган.
Октябрда Орусиянын Коргоо министрлиги Калининград облусуна "Искандер" оперативдүү-тактикалык ракета комплекстери которулганын бышыктаган.

Кремл Калининград эксклавына ракеталык комплекстерди жайгаштырууну НАТОнун Орусия чек араларына карай кеңейишинен улам келип чыккан коопсуздук чарасы катары сыпаттады. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусия суверендүү укуктарынан пайдаланып жатканын айтты жана НАТОну “агрессивдүү блок” деп атады.

Бүгүн АКШ Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жон Кирби Москваны региондогу коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоо максатына жооп бербеген кадамдардан карманууга үндөдү.

Дүйшөмбүдө президент Владимир Путин Орусияга коркунуч жараткан НАТОнун объектилери ракета соккуларынын бутасына айланарын билдирген. Ошол эле күнү Интерфакс агенттиги Калининграддагы аскерлер күчтөндүрүлгөнүн маалымдаган. Октябрда болсо Орусиянын Коргоо министрлиги Калининград облусуна "Искандер" оперативдүү-тактикалык ракета комплекстери которулганын бышыктаган.

XS
SM
MD
LG