Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

Кара-Кулжа: чабандардын бири айылга алып келинет


Кара-Кулжа районунун Терек айылынын төрт тургуну жайлоодо калып калган чабандарга жетишти. Бул тууралуу айыл тургуну Эсенбай Кулуев "Азаттык" радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, алар эртең элдин малын кайтарган Айдарали Алышевди 600 кою менен жакага алып түшөт. Ал эми 300 кой баккан Майрамбек жана Айдарбек Кулуев жайлоодо калып, мал багууну уланта турганын айтышкан. Алардын ал жакта тоюту жана короо-жайы бар экени белгилүү болду.

Үч чабан 17-ноябрдан бери дайынсыз болуп, 21-ноябрда аман-эсен экени кабарланган. Кар калың жаап салгандыктан кыштактан 30 чакырым алыстыктагы жайлоого жетүү кыйынчылык туудурган эле. (YI/NT)

XS
SM
MD
LG