Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Мурсинин дагы бир өкүмү жокко чыгарылды


Египеттин кассациялык соту мурдагы президент Мухаммад Мурсини өмүрүнүн аягына чейин абакка кесүү өкүмүн жокко чыгарды жана ишти кайрадан тергөөнү буйруду. Бул Мурси палестиналык ХАМАС тобунун пайдасына тыңчылык кылган деп козголгон кылмыш иши болчу.

Экс-президент 2011-жылкы массалык башаламандык жана айыпкерлердин түрмөдөн качышын уюштурган деген айып боюнча өлүм жазасына өкүм кылынган. Ал өкүмдү да кассациялык сот өткөн аптада жокко чыгарган. 2013-жылдын июль айынан бери камакта отурган Мурсиге бардыгы болуп төрт кылмыш иши козголгон.

Хосни Мубарак бийликтен кулатылгандан кийин Мурси 2012-жылы президенттик шайлоодо жеңип, Египет тарыхында демократиялык жол менен келген алгачкы жетекчи болуп калган. Бир жылдан кийин аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында кызматтан кетирилип, "Мусулман агайындар" кыймылынын мүчөлөрү жана башка тарапкерлери куугунтуктоолорго кабылган.

XS
SM
MD
LG