Орусия Украина атайын кызматтары кармаган эки аскерди коё берүүнү талап кылууда.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орусиялык аскерлердин Украинанын коопсуздук кызматы тарабынан кармалышын “мыйзамсыз провокация” деп атады. Минскте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, министр бул маселе менен тартип коргоо органдары алектенгенин айтты.
Москванын версиясы боюнча эки жоокер Орусия аннексиялаган Крым жарым аралында кармалган. Бирок кошуна өлкөнүн коопсуздук кызматы алар Украинанын аймагына өтүп кеткенде колго түшүрүлгөнүн билдирүүдө. Алар 2014-жылдын мартында Крым аннексиялангандан кийин украин армиясынан Орусияга качкан деп айыпталууда.
Мурдараак Орусиянын расмий өкүлдөрү Крымда саботаж уюштурууну көздөгөн деген шек менен украиналыктардын тобу кармалганын билдиришкен. Киев болсо муну “дагы бир жасалма иш” деп атаган.