Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Мураталы Жумановдун элесине арналган спорттук мелдеш өтөт


Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында экс-муфтий Мураталы ажы Жумановдун элесине арналган мелдеш өтөт. Иш-чараны быйыл Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы уюштурууда. Муфтияттан билдиришкендей, мелдеш ынтымакты, биримдикти чыңдоого багытталган. Анда диний окуу жайлардын, медреселердин студенттери футбол, волейбол оюндары боюнча таймашат. Мураталы ажы Жумановдун элесине арналган спорт оюндары жыл сайын күз жана жаз мезгилдеринде уюштурулуп турат.

Мураталы ажы Жуманов 2002-жылдан 2010-жылдын апрелине чейин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетектеген. Алты жыл мурдагы бийлик алмашуудан соң муфтийликтен өз каалоосу менен кеткенден кийин белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, коркутуп-үркүтүп, ири суммада акча талап кылышканын кабарлаган.

Кийинчерээк табылып, ошол эле жылдын 7-июлунда 37 жашында кайтыш болгон.

XS
SM
MD
LG