Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылында 22-ноябрда мектеп окуучулары түшкөн кичи автобус карга тыгылып калды. ӨКМ билдиргендей, аймакта кар калың жаагандыктан автоунаа жүрө албай калган. Куткаруучулар баргандан кийин машине чыгарылып, балдар үйлөрүнө жеткирилди. Кыргызстандын тоолуу аймактарына быйыл кар катуу жаап, бир катар айылдарда кыйынчылыктар жаралды. (NT)