Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Жалал-Абадда 800дөй адамдын акчасын тартып алды деген аял кармалды


Жалал-Абадда эки миллион долларга чейин жеңилдетилген насыя берүүнү убада кылып, 800дөн ашык адамдан акча жыйнаган “Бекбол Эл” бирикмесинин жетекчиси Уулкан Каримова алдамчылыкка шектелип кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгы "Азаттыкка" билдиргендей, жабыркагандардын арызынын негизинде алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жаткан. Кечээ күнү Каримова шаардык милициянын убактылуу камоочу жайына киргизилди.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Ноокен районунун Беш-Жыгач айылынын тургуну Уулкан Каримова 2013-жылдын июнунда «Бекбол Эл» коомдук бирикмесин түзүп, өзү жетекчи болуп дайындалган. Ошол эле жылдын 15-августунда “Концерн Барс Кейжи Инвест” ассоциациясынын жетекчиси Абытов Атарбек менен бирге иштешүү жана 924 жаранга 50 миң доллардан 2 млн долларга чейин 10 жылга пайызы жок насыя берүү жөнүндө келишим түзүп, 800 жарандан 8 миң сомдон 50 миң сомго чейин акча алган.

Элден чогулган сумма 8,5 миллион сомдон ашкан. (RsK)

XS
SM
MD
LG