Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Депутат Жамалдинов комитет төрагалыгынан баш тартты


Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов парламенттик комитеттин төрагалык кызматына талапкер болуудан баш тартты. Бул тууралуу ал бүгүн парламент жыйынында айтты.

Фракция Жамалдиновду Бюджет жана каржы комитетине жетекчиликке көрсөткөн болчу. Бирок ал маселени реалдуу кароого чакырды:

- Үч фракцияга эки комитет жана бир вице-спикерлик болуп жатат. Реалдуу болуш үчүн ар бир фракцияга бирден төрагалык бөлүнүп берилсе жашы болот эле. Ошондуктан мен өз талапкерлигимди алам.

Жогорку Кеңеште бүгүн айрым комитеттеринин төрагаларынын бошогон кызмат орундарына парламенттик фракциялар көрсөткөн талапкерлер каралууда.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети менен Бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагалыгы жана бир вице-спикерлик орун башкаруучу коалицияга кирбеген «Өнүгүү-Прогресс», «Республика - Ата-Журт» жана «Ата Мекен» фракцияларына сунушталган. (RK)

XS
SM
MD
LG