Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Атамбаев: Укуктук мамлекет үчүн элдин ишеними маанилүү


Адамдардын мамлекеттин адилеттигине болгон ишенимин бекемдөө аркылуу гана укуктук өлкө куруу идеясын жана демократиялык реформаларды шайма-шай жүзөгө ашыруу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алганда айтты.

Жолугушууда президентке өлкө жарандарынын конституциялык укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Алмазбек Атамбаев жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин сапаттуу жактоо үчүн конституциялык көзөмөлдүн жогорку органынын натыйжалуу ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. (RK)

XS
SM
MD
LG