Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

1994-жылкы паспорт 4 айдан кийин жараксыз болот


Кыргызстанда 1994-жылкы паспорттор келерки жылдын апрель айынан тарта жараксыз болот. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун айтуусунда, 31-мартка чейин бул паспортторду мамлекет ID картага бекер алмаштырып берет:

- Алмаштырбаса анда 1-апрелден кийин алмаштыруу процедурасы бир аз татаалыраак болуп калат. Мындай паспорту барлар ошого чейин бекер алмаштырып калыңыздар.

Буга чейин өкмөт 1994-жылкы үлгүдөгү колго толтурулган паспорттордун мөөнөтү чексиз деп белгилеген.

Бирок биометрикалык каттоо системасы киргизилип жатканына байланыштуу Мамкаттоо кызматынын сунушу менен өкмөт 18-ноябрда бул эрежени жокко чыгарган токтоп кабыл алды. Ага ылайык, 1-апрелден тарта бул паспорттор юридикалык күчүн жоготуп, пайдаланууга жараксыз болот.

Расмий маалыматка караганда, учурда 1994-жылкы паспорт менен жүргөндөрдүн саны орто эсеп менен 10 миңдин тегерегинде, көбү айыл тургундары.

Мамкаттоо кызматы былтыртан бери жаш курагы 60тан жогору жарандарга мындай паспортторду ID картага бекер алмаштырып берүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 110 миң жаранга бекер алмаштырылды.

1994-жылкы паспорту барлар 11-декабрдагы шайлоо, референдумга да катыша албайт. (RK)

XS
SM
MD
LG