Токмоктогу Ымыркайлар үйүнө жана башка социалдык мекемелерге жылуулук берилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чүй облустук акимчилигинин маалымат катчысы Жылдыз Шеримбекова билдирди:
- Бүгүнтөн баштап жылуулук толук берилди. Карыз маселеси чечиле элек. Себеби ал мурдагы жылдардан бери топтолгон акча.
17-ноябрдан бери Токмокто газга болгон карыздын айынан бир катар социалдык объектилер жана 600 үй-бүлө жашаган аскердик шаарча жылуулуксуз калган болчу. Себеби «Токмок Жылуулук» ишканасынын «Газпром Кыргызстан» компаниясына карызы 42 миллион сомдон ашып кеткен.
Соңку бир аптадан бери Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөп кеткендиктен газдын жоктугунан Токмок шаарындагы айрым тургундар жылуулуксуз калган. (RK)