Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Карда калган чабандардын бири айылга кайтууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Кара-Кулжада кардын камагында калган үч чабандын бири 600дөй койу менен айылга кайтууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын жакындары кабарлашты. Караңгы кирип калгандыктан алар жолдо түнөп, таң атканда кайра жолго чыгат.

Ал эми жайлоого 300дөй койу менен чыгып кеткен Майрамбек жана Айдарбек Кулуевдер тоюту жетиштүү болгондуктан ошол жакта калууну чечкен.

17-ноябрда Орто-Казык жайлоосуна 900дөй койу менен чыгып кеткен үч чабандын дайыны 21-ноябрда гана табылган. Алар туугандарына чөнтөк телефон аркылуу байланышка чыгып, аман-соо экенин кабарлаган.

Жакынкы кыштак менен жайлоонун ортосу 30 чакырым жер. (YI)

XS
SM
MD
LG