Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Европарламент орус пропагандасына туруштук берет


Европа парламенти үчүнчү тараптар, анын ичинде Орусиянын Еврошаркетке каршы пропагандасына туруштук берүү резолюциясын кабыл алды.

Польшалык депутат сунуш кылган долбоорго ылайык, орус бийлиги Russia Today (RT) жана "Спутник" агенттиги өңдүү маалымат каражаттары, Россотрудничество, "Русский мир" фонддору аркылуу Евробиримдиктин аймагында айрым күчтөргө таасир этүү максатында үгүт иштерин жүргүзүүдө. Муну менен шаркеттин жашоочулары арасында чыгыш кошуналары, асыресе Украина тууралуу терс пикир жаратууну көздөшүүдө.

Ошондой эле резолюция долбоорунда бул үчүн интернет жана социалдык тармактарда атайын уюштурулган адамдар кеңири колдонулганы айтылат. Биримдиктин өлкөлөрүнө орусиялык пропагандага туруштукту координацияланып берүү сунуш кылынат.

Документти 304 депутат колдоду. Каршы пикирин 179у билдирди, дагы 208 калыс калды.

XS
SM
MD
LG