Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Депутаттык комиссия: интернеттин кымбатташына "Кыргызтелеком" жооптуу


"Кыргызтелеком".
"Кыргызтелеком".

Интернеттин кымбатташын иликтеген депутаттык комиссия «Кыргызтелеком» ишканасынын жетекчисин жумуштан алууну сунуштады. Депутаттык комиссия өз корутундусун 23-ноябрда жарыялады. Анда интернет баасына байланышкан маселеде аталган ишкананын жетекчиси Эмил Эшеналиевдин түздөн-түз байланышы бар деген жүйө менен кызматтан алынышы керектиги айтылган. Ошондой эле Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин жоопкерчилигин кароо сунушу өкмөткө берилди. Комиссия тарифтердин көтөрүлүшү негизсиз болгон деген чечимге келди. Топтолгон материалдарды Башкы прокуратурага укуктук баа берүү үчүн жиберүү да сунушталды. Маалыматка караганда, казакстандык компаниялар тарабынан интернет трафиктин наркынын күтүүсүз кескин көтөрүлүшү боюнча келишимдерге “Кыргызтелеком” кол койгон.

"Муну талкуулоо учурунда ишкана башкармалыгынын үч мүчөсү бир пикирге келе албай, бири каршы болгон. Бирок, Эшеналиев өзүнүн 1-августтагы буйругу менен эсептешүүлөр жана келишимдер бөлүмүнүн жетекчиси Храмцовго 2016-жылдын 1-августунан тартып бир жылга сатып алуу келишимин түзүү тапшырмасын берип, шашылыш түрдө казакстандык компанияларга 1 Мб/с үчүн 30 АКШ доллары эсеби менен 420 миӊ АКШ долларын чегерет. Анын мындай аракеттеринен кызыкдарлыкты, пайда табууну көздөгөндүктү көрүүгө болот. Жогорку баа боюнча келишимге кол койгондон кийин ал 10-августта Маалымат технологиялары жана байланыш комитетине “Кыргызтелекомду” жападан-жалгыз интернет таратуучу катары таануу сунушу менен кайрылган. Башкача айтканда, бул жерде эл аралык интернет трафикти монополиялаштыруу жөнүндө сөз болуп жатат, - деп айтылат комиссия тыянагында. (NT)

XS
SM
MD
LG