Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Эки фракция лидери бири бирин "шоу" үчүн айыптоодо


Жогорку Кеңештеги КСДП жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын лидерлери Иса Өмүркулов менен Бакыт Төрөбаев комитеттердин төрагаларын шайлоодо шоу уюштурулду деп бири бирин айыптоодо.

Бүгүн парламент жыйынында "Өнүгүү-Прогресстин" башчысы Бакыт Төрөбаев комитет төрагалыгына "Ата Мекенден" Сайдулла Нышанов өтпөй калышына КСДПны айыптады.

"Кечээ шоу болду, эми силерге ким ишенет? Нышановду жөн жерден өткөрбөй коюшту" деди ал.

Бирок бул айыптоого КСДП лидери Иса Өмүркулов макул эмес:

- Силер өзүңөр Тынчтыкбек Шайназаровду өтпөй калса уламдан улам коюп жатып, шоу ушунда болду. Шайлоо демократиялык жолдо өттү. Бюджет менен укук комитети Конституция боюнча оппозициялык фракцияларга берилген. "Ата-Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика Ата-Журт" фракциялары оппозицияда. Мына ошолордун ортосунда болду. Ал жерде менин талапкерлигим коюлган жок.

Кечээ Жогорку Кеӊештин жыйынында айрым комитеттердин төрагаларын шайлоо болду. Бюллетен аркылуу жашыруун добуш берүү жүрдү. Бюджет жана финансы комитетине «Республика – Ата Журттан» Таабалды Тиллаев шайланган. (RK)

XS
SM
MD
LG