Кочкор районунун тургуну ири өлчөмдөгү маңзат менен кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиева билдирди.
Анын айтуусунда, 19-ноябрь күнү райондук ички иштер бөлүмү Кочкор айылынын 53 жаштагы жашоочусун шектүү катары кармап, чөнтөгүнөн гезитке оролгон өңү жашыл-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат тапкан.
Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда желим челектин ичинде салмагы 1 килограммадан ашык маңзат алынды. Учурда тергөө иши жүрүүдө. (MiK)