Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Дастан Сарыгулов үй камагына чыгууда


Дастан Сарыгулов "Азаттыктын" студиясында. 2011-жыл
Дастан Сарыгулов "Азаттыктын" студиясында. 2011-жыл

Бийликти басып алууга аракет жасаган деген шек менен камакка алынган Дастан Сарыгулов үй камагына чыгарылууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Сарыгуловдун адвокаты Нина Зотова кабарлады.

Биринчи Май райондук сотунун токтому бүгүн түштөн кийин чыкты.

Сарыгуловду үй камагына чыгарууга, адвокаттын айтуусунда, анын ден соолугу начарлашы себеп болду.

"Ден соолугу азыр анча эмес болууда" деди Зотова.

Оппозициячылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматовду бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен УКМК кармаган. Алардын ишин Бишкектин Биринчи Май райондук соту жабык териштирүүдө.

70 жаштагы Сарыгуловду УКМКнын тергөө абагына быйыл июнь айында "Бийликти күч менен басып алууга камынган" деген берене менен козголгон кылмыш иштеги “Кумтөргө” байланыштуу жаңы жагдай боюнча “Центерра Голд” компаниясынын мурунку жетекчиси Леонард Хоменюктун көрсөтмөсүнүн негизинде камашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG