Чаткалда өз алдынча уруксаты жок сурма казгандар кырсыка кабылып, 17 жаштагы бир адам каза тапты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Нурбек Абдраимов кабарлады:
- 24-ноябрда саат 01.00 чамасында Терек-Сай айыл аймагында Шахта -14тө 250 м тереңдикте өз алдынча 6 адам сурма казып жаткан жерде жер кыртышы басып калган. Кырсык болгон жерде Ала-Бука районунун Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү айылынын 1999-жылы туулган тургуну каза болгон. Калган 5 адам жаракат алган эмес.
Терек-Сай шаарчасындагы Шахта-14тө сурма казып жаткан 50 адам менен биргеликте каза тапкан адамдын сөөгүн алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен. (RK)