Европарламент депутаттары Түркиянын Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүнү убактылуу токтотуу резолюциясын колдошту. Бирок бул документ укуктук жактан аткарууга милдеттүү эмес. Маалыматтарга караганда, Анкара менен диалогду токтотуу сунушу түрк бийликтеринин июль айындагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин президенттин саясий атаандаштарына, журналисттерге каршы көрүлүп жаткан куугунтуктоолоруна байланыштуу киргизилген. Өлкөдө чукул кырдаал жарыяланып, адам укуктары боюнча Европа конвенциясы убактылуу токтотулган.
Кечээ президент Режеп Таип Эрдоган "добуш берүү кандай аяктабасын, биз үчүн ал маанилүү эмес" деген. Түркиянын Еврошаркетке кирүүсү боюнча расмий сүйлөшүүлөр буга чейин үзгүлтүккө учурап, быйыл Анкара Европага агылган качкындарды кабыл алууга макул болгондон кийин жанданган эле.