Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Порошенко менен Трамп Украинадагы кырдаалды талкуулады


Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

Украина лидери Петро Порошенко АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен аннексияланган Крым маселесин жана Донбасстагы чатакты талкуулады. Бул тууралуу Порошенко Брюсселде Украина-ЕБ саммитинен кийин өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Трамп жогорудагы маселелерди көтөргөн. Порошенко Украина чыгышындагы жана Крымдагы акыркы кырдаал тууралуу кеңири маалымат бергенин кошумчалады. Крымды Орусия 2014-жылы мартта басып алган.

Жарым аралда өткөн референдумду дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү, анын ичинен Кошмо Штаттар жана батыш мамлекеттеры тааныган эмес. Трамп шайлоо алдындагы үгүт учурунда Крымды Орусиянын аймагы катары таануу жагын карап көрүүнү, Москва менен мамилени жакшыртууну кааларын айтып келген.

XS
SM
MD
LG