Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:19

HRW Казакстанды жумушчулардын укугун бузууда деп сындады


Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму “Биз душман эмеспиз: Казакстандагы жумушчулардын укуктарынын бузулушу” деп аталган баяндамасын 23-ноябрда жарыялады. Анда Казакстанда жумушчулардын укугу бузулуп, жыйындарга чогулуу, иш таштоо эркиндиги сакталбай жатканы сынга алынган. Документти даярдоо үчүн 50дөн ашык кесиптик кошуун лидеринен, эмгек активисттеринен жана өндүрүштүн маанилүү тармактарында иштеген жумушчулардын пикирин сурап, министрликтерден маалымат топтогон. Анын негизинде эркин жыйынга чогулуу жана биригүү укуктарын иликтеп жатып, муну казак бийлиги катуу көзөмөлдөй турганын жазган.

Укук коргоочулар Эмгек кодексин жана кесиптик кошуундар боюнча мыйзамды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө казак бийлигин чакырууда.

XS
SM
MD
LG