Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

ЖК депутаты Түркияны Евробиримдик боюнча кабатыр болбоого чакырды


Кыргызстандын депутаттары Түркияны Евробиримдикке кирүү тууралуу сүйлөшүүлөрү токтотулганына кабатыр болбоого чакырууда.

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште журналисттер менен бейрасмий жолугушууда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Жунус уулу Алтынбек билдирди. Анын пикиринде, учурда Евробиримдиктин өзүнүн ичинде кыйынчылыктар көп болуп, уюм мурдагыдай күчтүү болбой калды.

"Ошол эле Германия Евробиримдиктин "капчыгы" болбой калды. Бир эшик жабылса, башкасы ачылат. Түркия Евробиримдикке окшотуп түрк тилдүү мамлекеттердин шаркетин түзүүгө кудурети жете турган күчтүү держава" деди Жунус уулу Алтынбек.

Анын бул айтканын КСДП фракциясынан депутаттар Евгения Строкова, Анвар Артыков да колдоп, сүйлөшүүлөр токтогонун Түркия үчүн пайдалуу жагдай деп аташты.

Европарламент депутаттары 24-ноябрда Түркиянын Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүнү убактылуу токтотуу резолюциясын колдогон.

Ал арада түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркия бул уюмга киребиз деп тура бербей, Шанхай кызматташуу уюмуна кирүүгө аракеттениши керек деген пикирин билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG