Президент Режеп Таqип Эрдоган Түркия чек араларын Европага агылган мыйзамсыз мигранттар үчүн ачышы мүмкүн деп эскертти.
“Биз үч - үч жарым миллион какчынды багып аткан жападан жалгыз өлкөбүз. Силер болсо бизди сатып кеттиңер”, - деди Эрдоган бүгүн Стамбулда сүйлөп жатып. Анын алдыңкы күнү Европарламент Анкара менен Евробиримдикке мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү токтото туруу сунушун колдогон эле. Укуктук жактан аткарууга милдеттүү эмес резолюция түрк бийликтеринин мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин жүргүзүп жаткан куугунтуктоолоруна байланыштуу сунушталган.
Март айында Анкара менен Брюссел түзгөн макулдашууга ылайык, Түркия Европага умтулган мигранттарды өз аймагында кармап турмак. Бул Эгей деңизи аркылуу агылган келгиндердин санын кыйла азайтты. Түркияда 2,7 миллиондой сириялык качкын баш калкалоодо. Башка өлкөлөрдөн келген көптөгөн мигрнаттар да бул өлкө аркылуу Батыш Европага өтүүнү көздөйт.