Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Болгарияда качкындар лагеринде тополоң чыкты


Харманли шаарындагы качкындар лагери, 25-ноябрь, 2016
Харманли шаарындагы качкындар лагери, 25-ноябрь, 2016

Болгариянын премьер-министри качкындар лагериндеги тополоңдон кийин 300 мигрант камалганын билдирди. Бүгүн окуя болгон Харманли шаарына барган Бойко Борисов камалгандардын алтоо улуттук коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн деди.

Бейшемби күнү көбү оогандыктар болгон мигранттар санитардык себептерден улам лагерден чыгууга тыюу салынганына нааразылык билдирип, эмеректерди, дөңгөлөктөрдү өрттөштү. Кийин ал жерге келген 200дөй полициячы, өрт өчүрүүчүлөр менен качкындар кагылыша кетти. 10дой тартип коргоочу жарадар болгону маалымдалууда.

Жергиликтүү жашоочулар Болгария аймагындагы бул эң чоң лагерди жабууну көптөн бери талап кылып келишет. Расмий статистика боюнча бул өлкөдө жалпысынан 13 миңдей мигрант баш калкалоодо.

XS
SM
MD
LG