Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Иракта кол салууда кеминде 80 киши каза тапты


Ирактын Бабилон дубанында май куюучу жайдагы жардыруудан кечээ бери дегенде 80 киши каза болду.

Алардын басымдуу бөлүгү ирандык зыяратчылар экенин жергиликтүү коопсуздук кызматынын өкүлдөрү билдиришти. Маалыматтарга караганда, жанкечти машинасын май куюучу станциянда, Кербала шаарындагы диний жөрөлгөдөн кайтып келаткан ирандык зыяратчыларды ташыган автобустун жанында жардырган.

Ал эми Рейтер агенттиги полиция жана ооруканадагы булактарга таянып, жантаслим болгондордун саны 100гө жеткенин маалымдады. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал уюму өзүнө алды. Интернетке чыккан билдирүүдө жихадчылар аны ирактык согушкери ишке ашырганын айтышты.

XS
SM
MD
LG