Кыргызстанда Ми-8 тик учагы жасалма документтер аркылуу сатылып кетишине байланыштуу кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Алмамбет Абдрамановдун айтуусунда:
- Атайын түзүлгөн комиссия бул тик учак Кыргызстандын реестрине каттоого алынбаганын аныктады. Агенттик ага эч кандай уруксат документ берген эмес.
Тик учак боюнча документтер 2013-жылы Жарандык авиация агенттигинин бөлүм башчысынын уруксаты менен берилген. Быйыл ал кагаздар кайра текшерүүгө алынган.
Кылмыш кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Жасалма документ чыгаруу» беренелеринин негизинде козголгон ишти Унаа прокуратурасы тергеп жатат. (RK)