Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Тажик президентинин кызы министрликке дайындалды


Тажикстан президентинин үчүнчү кызы Рухшона Рахмонова Тышкы иштер министрлигинин бөлүм башчысынын орун басары болуп дайындалды.

"Азаттыктын" тажик кызматы ТИМдеги булактарга таянып жазганына караганда, Рахмонова 10 күндөй мурун Эл аралык уюмдар бөлүмүнө кызматка дайындалган, бирок бул коомчулукка жарыяланган эмес. Булактын айтымында, Рахмонова тажрыйбалуу дипломат, буга чейин Лондондогу элчиликте иштеген.

Январдан бери Рахмондун дагы бир кызы Озода президенттин администрациясын жетектеп келатат. Мурда болсо тышкы иштер министринин орун басары болчу.

Рахмондун уулу Рустам 2013-жылдан бери Бажы кызматын жетектеп, былтыр Коррупцияга каршы агенттиктин башчысы болуп дайындалган. Президенттин дагы бир нече жакын туугандары жетекчилик кызматтарды ээлешет. 1992-жылдан бери Тажикстанды башкарып келаткан Рахмондун 9 баласы бар.

XS
SM
MD
LG